Ат-Башыда жер силкинди 

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн 5-июнда саат 16:18дө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылдарында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга (Кара-Булак айылынан 12 чакырым түштүк-чыгышка, Ак-Бейит айылынан 17 чакырым түндүк-чыгышта, Казыбек айылынан 28 чакырым түштүк-батышта, Кызыл-Туу айылынан 29 чакырым түштүк-батышта, Кара-Булуң айылынан 33 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 79 чакырым түштүк-батышта) чейин сезилген. 

Жер титирөөдөн  алдын ала маалыматка ылайык жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

5 Июнь 2025 жыл 17:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча