Азия чемпионаты: Бүгүн эркин күрөш боюнча беттештер өтөт. Кимдер чыгат?

Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын бешинчи күнүндө килемге эркин күрөш боюнча балбандар чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда балбандар 57, 65, 70, 79 жана 97 кг чейинки салмак категорияларында байге үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын спортчулары:

57 кг чейин — Абдымалик Карачов;
65 кг чейин — Рустамжан Кахаров;
70 кг чейин — Эрназар Акматалиев;
79 кг чейин — Жакшылык Байташов;
97 кг чейин — Каныбек Абдулхаиров.

Алдын ала беттештер саат 11:00дө башталат.

10 Апрель 2026 жыл 9:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча