Бүгүн, 1-сентябрда мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, быйылкы окуу жылынан тарта 12 жылдык билим берүү системасы ишке кирет. Бардык класстар үчүн — 1-класстан 12-класска чейинки предметтик стандарттар жана программалар жаңыртылды. Ошондой эле биринчи жолу жаңы муундагы окуу китептерин массалык түрдө басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүндү.
Министрлик алгачкы сабактардын темаларын аныктады:
Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 2384 мектеп бар. Аларда 1,5 миллиондон ашык бала окуйт.
Окуучуларга 93 миңден ашык мугалим сабак берет.
Быйыл 207 миңге жакын бала 1-2-класска барат.