
Буга чейин, Кытайдан 31-майда 3 электробус, ал эми апрель айында 2 электробус алып келинген. Ал эми азыркы тапта жалпы борбор калаабыз Бишкекке 30 электробус келиптүштү. Бишкек мэринин орун басары ЖамалбекЫрсалиевдин айтымында, бул долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда жана келишимдин алкагында борбор калаабызга жалпы 120 электробус ушул жылдын июль айынын аягына чейин толук келиши керек.
Ал эми бул жаңы келген 3 эшиктүү жана 27 орундуу элекробустарда баардык шарттар бар. Айтсак, ичинде жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн көзөмөл камералары орнотулган. Ошондойэле ысыкта салкын жана суукта жылуу болуш үчүн желдеткичтер жана мындан сырткары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер,кары-картаңдар үчүн дагы атайын орундуктар коюлуп, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Маалыматка караганда электробустардын бирөөсүн баасы 318 миң доллар турат. Мындан улам Бишкек мэриясы айдоочуларга бул автобусттарэлге көп кызмат кылуусу үчүн, аярлап айдоо керектигин айтышууда.
Белгиленгендей, бул экологиялык жактан таза, заманбап баардык шарты барэлектробустар троллейбустардын ордуна алынып келинүүдө. Ал эми бул электробустар толук Бишкекке келип түшкөндөн кийин гана каттамга чыга баштайт.