17-мартта Нарын облусунун Кочкор районунда Балыкчы — Кочкор темир жолун куруу долбоорунун алкагында бургулоо-жардыруу иштеринин акыркы этабы жүргүзүдү. Жалпысынанбул иштер темир жолдун 37-чакырымынан 43-чакырымына чейинки 13 тилкеде жүргүзүлдү. Алгачкы жардыруу 2024-жылдын июль айында аткарылып, жалпы 100 жардыруу жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
“Бургулоо-жардыруу иштеринин бардык мезгилинде коопсуздук эрежелеринин талаптары катуу сакталды. Адамдардын же малдын жаракат алуусу, ошондой эле жакын жайгашкан имараттардын, анын ичинде турак үйлөрдүн бузулушу боюнча бир да учур катталган жок.
Белгиленген графикке ылайык, коопсуздукту камсыз кылуу максатында иштер жүрүп жаткан учурда 37-чакырымдан 39-чакырымга чейинки жол тилкеси убактылуу жабылып турду”,-деп айтылат маалыматта.
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы айдоочуларга, жүргүнчүлөргө жана жергиликтүү тургундарга сабырдуулугу жана түшүнүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Ошондой эле бул маанилүү курулуш этабын коопсуз, сапаттуу жана өз убагында аткарууга салым кошкон бардык адистерге жана кызматкерлерге ыраазычылык билдирет. Бул иштер технологиялык процесстин маанилүү бөлүгү болуп, татаал геологиялык шарттарда курулушту мындан ары илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Балыкчы — Кочкор темир жолунун жалпы узундугу 63,4 км түзөт. Учурда темир жолдун дээрлик бардык тилкесинде жердин алдыңкы төшөмү толугу менен бүттү. Учурда шпал, рельстерди орнотуу иштери улантылып, Кочкор темир жол бекетинин курулушу жүрүүдө.