БАРСКООН – БЕДЕЛ УНАА ЖОЛУНА 2 ТОННЕЛЬ, 50ДӨН АШЫК КӨПҮРӨ КУРУЛАТ

Барскоон — Бедел унаа жолунун бардык узундугу боюнча геодезиялык изилдөөлөр жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толук аяктады. Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда ушул тапта бетон заводдорунун, майдалоо-сорттоо комплекстеринин, карьерлердин, вахталык шаарчалардын жана башка убактылуу курулмалардын курулуш иштери аткарылууда.

Долбоор боюнча 2 тоннель куруу каралган:
№1 тоннель (Сөөк) – жалпы узундугу 5 340 метр:
№2 тоннель (Ашуу-Суу) – жалпы узундугу 3 788 метр:

Көпүрөлөр боюнча иштер учурда даярдык баскычында турат.

Учурда объектте 557ге жакын кызматкер иштеп жатат. Дагы кошумча адистер тартылат.

Белгилей кетсек, Барскоон — Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 161 чакырымды түзөт.

Жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгинде жайгашкан Барскоон айылын Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы «Бедел» өткөрмө пункту менен байланыштырат.

Долбоордун алкагында унаа жолунан тышкары, 50дөн ашык көпүрө, 2 тоннель, ошондой эле коргоочу жана кошумча инженердик курулмаларды куруу каралган.

Долбоорду ишке ашыруу 2025-жылдын 26-августунда башталган. Курулуш иштеринин жалпы мөөнөтү болжол менен 5 жылды түзөт.

21 Апрель 2026 жыл 12:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча