Ысык-Көл айланма жолунун Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки 141–216-чакырым аралыгын реконструкциялоо иштери активдүү уланууда. Подрядчы тарабынан 143 атайын техника тартылып, мобилизациялоо иштери толук аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда жол четин кеңейтүү, лотокторду орнотуу жана сүрүп-тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Барскоон — Каракол автожолун 75 чакырымын реконструкциялоого старт берилген.
Долбоордо 5 кɵпүрɵнү куруу, 8даана жер алдынан ɵтүүчү ɵтмɵк, калк жайгашкан жерлерде тротуар, жарыктандыруу каралган. Курулуш иштери 2025–2028-жылдардын аралыгында бүткөрүлөт. Кепилдик мөөнөтү — 5 жыл.
Бул долбоор аймактагы транспорттук байланыштарды жакшыртып, туристтик агымды көбөйтүүгө жана жергиликтүү калк үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.