Баткенде жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдипди.
“2025-жылдын 5-декабрь күнү саат 21:00 чамасында Баткен шаарынын Т.Садыков көчөсүндө жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан Баткен районунун айылынын 46 жаштагы тургуну Ж.Кны күмүш түстөгү “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү белгисиз автоунаа сүзүп кеткен. Айдоочу жарадар болгон жаранды автоунаасынын арткы орундугуна салып, айлампаны айланып, И.Раззаков көчөсү аркылуу белгисиз тарапка кетип калган.
2025-жылдын 6-декабрь күнү саат 09:30 чамасында Ж.Кнын жансыз денеси жол четинен табылган.
Бул факт Баткен ОИИБдин Ыкчам кырдаал борборунун видео байкоо камерасы аркылуу катталып, Баткен ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында күмүш түстөгү “Мерседес-Бенц” автоунаасы жана анын айдоочусу 26 жаштагы А. уулу Н. Баткен шаарындагы автоунаа тетиктерин саткан базардан табылып, кармалган.
Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.