
Бүгүн, 23-май күнү ылдамдыгы 14 м/с жеткен шамалдан улам Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылында жайгашкан М.Салихов атындагы орто мектебинин чатырынын 10 шиферин учуруп кеткен. Ошондой эле, 3 терезенин айнектери сынган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
«Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен району боюнча ӨКБнүн №31 ӨККБдан ыкчам топ, айыл өкмөтүнөн 1 кызматкер тартылып, Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдарды аныктоо боюнча акт түзүлдү»,-деп айтылат маалыматта.