Бир туугандарды бычактаган шектүү кантип өлтүргөнүн айтып берди (Видео)

2025-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жасалган эки адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы кармалган жаран 2006-жылы туулган И.С.нын катышуусу менен кылмышты жасоо шарттарын жана жагдайын кайра кайталап көрсөтүп берүү процессин жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 215-беренесинин ( Көрсөтмөлөрдү жеринде текшерүү) негизинде шектүү окуя болгон жерге жеткирилип, ал жерде өзүнүн аракеттерин айтып жана кайталаган.

Андан ары, И. С. үйгө кандай жол менен киргендигин, ошондой эле жабырлануучуга кандай жол менен сокку урганын жеринде кеңири айтып берди. Кармалган жарандын көрсөтмөсү видеожазууга жазылды жана далил катары кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.

ИИМ бул тергөө амалдарын жүргүзүү шектүүнүн көрсөтмөлөрүн тактоого жана иш боюнча далилдерди бекитүүгө мүмкүндүк бергенин белгилейт. Тергөө иштери жүрүп жатат.»,-деп айтылат маалыматта.

8 Октябрь 2025 жыл 22:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча