Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болору күтүлүп жатат

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө имараттардын, бактарын, жарнама калкандарынын жанына туруу кооптуу.

Эгер сиз табигый кубулуштан жаралган кырдаалга күбө болсоңуз «112» кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.

6 Июнь 2025 жыл 20:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча