Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна таш кулап, жол жабылды

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна таш кулап, учурда унаа жол убактылуу жабык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, таш күн мурун аталган жолдун Жаңы-Жол тилкесине түшкөн.

«Жеринде №41 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.

9 Март 2026 жыл 9:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча