Бишкек-Ош автожолунда 750 метрлик туннель курулат

Бүгүн, 19-июнда Бишкек — Ош автожолунда 750 метрлик тоннелдин курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидэки Года, JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров жана  жергиликтүү тургундар катышты.

Анда министр Абсаттар Сыргабаев узундугу 750 метр болгон тоннелдин курулушу заманбап япон технологияларын колдонуу менен жүзөгө ашырыла турганын белгиледи.

“Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирип турган негизги жолдун басымдуу бөлүгү тоолуу аймактар аркылуу өтөт. Мындан улам министрлик үчүн башкы милдет жол тармагын өнүктүрүү, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Белгилүү болгондой, бүгүн курулушу башталып жаткан Бишкек–Ош автожолунун долбоордук тилкесинде да аскалардан таш кулоо коркунучу жогору. Мындай шартта эң ылайыктуу чечим – тоннель куруу болуп эсептелет. Узундугу 750 метр болгон тоннелдин курулушу заманбап япон технологияларын колдонуу менен жүзөгө ашырылганы турат. Ал үчүн Япониянын Takenaka Civil Engineering & Construction компаниясы менен келишимге кол коюлду”,-деди министр.

Белгилей кетсек, тоннель Бишкек — Ош автожолунун 400-чакырымына салынат. 

19 Июнь 2025 жыл 15:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча