
Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company компаниясы менен келишимдин негизинде Бишкекке 18 электробус келди. Бул тууралуу муниципалитет социалдык тармактарда билдирди.
Эске салсак, 31-майда борбор калаага 3 электробус, апрель айында 2 электробус келген. Ошентип Бишкекке жалпысынан 23 электробус келди.
«Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында Бишкекке жалпысынан 120 электробус келет. Мындан тышкары, эки автобазада реконструкциялоо иштери аяктап, электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.