Бишкекке ракты алгачкы стадияда аныктаган аппарат келди. 16 ай бою бейтаптар үчүн текшерүүлөр акысыз жүрөт

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун ядролук медицина бөлүмүндө технеция генераторун колдонуу менен бейтаптарды радионуклиддик изилдөө башталды. Ал эми аталган мекеменин жетекчисин айтымында, бул жабдуунун жардамы менен табылбай жаткан ооруларды же кичинекей шишиктерди  аныктаганга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Мындан сырткары бул ыкма менен без калканын, жүрөктү, жүлүндү, өпкөнү, бөйрөктү, ашказан, ичеги системаларын көрүүгө, метастаза жана башка патологиялык өзгөрүүлөрдү башталышында байкоого жардам берет. Кыскача айтканда, булаппарат  дартты эрте аныктоого, дарылоонун майнаптуулугун арттырууга жана бейтаптардын айыгып кетишине эң жакшы көмөкчү болмокчу. 

Ал эми бүгүнкү күндө онкология борборунда ачылган ядролук медицина бөлүмү бейтаптарды активдүү кабыл алууда. Аталган мекемеде рентген-лобарант болуп иштеген Жазира Бердиматованын айтымында, бул жабдуу  бейтаптын башынан баштап бутуна чейин баардык организмди тартып чыгарып берет. Негизи бир тартылганы 20 мүнөттү талап кылат, ал эми  жалпы процедура  4-5 саатка чейин уланышы мүмкүн.

Ал эми Бердиматованын айтымында болгону кош бойлууларга жана кичинекей балдарга бул аппаратка түшкөнгө  болбойт. 

Апта ичинде Улуттук онкология жана гематология борбору 150 бейтапка радионуклиддик изилдөөлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда.

«Азыр жана 16 ай бою бейтаптар үчүн бардык текшерүүлөр акысыз жүргүзүлөт. Андан кийин бул процедураүчүн төлөнөт. Анын баасы монополияга каршы орган жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусу менен макулдашуу аркылуу белгиленет», — депбилдирди журналисттерге өзөктүк медицина бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Рыспаева.

16 Май 2025 жыл 19:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча