Бишкекте 13 жаштагы балага атасы донор болуп, бөйрөгү ийгиликтүү алмаштырылды

Эне жана баланы коргоо борборунда 13 жаштагы балага бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, операция өнөкөт гломерулонефриттин 5-стадиясы менен ооруган 13 жаштагы К.Б. аттуу балага жасалган. Ал 2024-жылдан бери диализге муктаж болуп келген. Донор 49 жаштагы атасы О.М. болгон.

Анын бөйрөгү лапароскопиялык нефрэктомия ыкмасы менен алынган. Бул инвазивдүү ыкма кан жоготууну азайтып, бейтаптын тезирээк калыбына келишине шарт түзөт. Учурда бала өзүн жакшы сезип, реабилитациядан өтүп жатат.Саламаттык сактоо министрлиги бул окуяны педиатриялык трансплантология тармагындагы маанилүү жетишкендик катары баалады.

29 Май 2025 жыл 19:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча