Бишкекте жашы жете элек кызды сойкулукка мажбурлоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, былтыр бир ай бою сексуалдык кулчулукта болгон 15 жаштагы кыздын жакындары акыйкатчыга кайрылып, укугун коргоп берүүнү өтүнүшкөн. Кыздын апасы менен жактоочусу тергөө объективдүү жүргүзүлбөй, айыпталуучулар жазадан кутулуп кетиши мүмкүн экенин билдиришкен.
Апасынын айтымында, 2024-жылы кызы үйдөн чыгып кетип, бир айдай дайынсыз болгон. Кызынын А.А. аттуу жаңы таанышы аны үйүнө убактылуу жашап турууга чакырып, акча жагынан жардам берүүнү убадалаган. Көп өтпөй өспүрүмдөн анын үйүндө жашаганы жана тамак-ашы үчүн акча талап кылып, 20 миң сом карыз кылып койгон. Карызды бир нече күн иштеп кутуласың деп коркутуп, кызды Х.Ж. аттуу аялга өткөрүп берген.
Жактоочунун айтымында, эки аялдын сүйлөшүүсүнө күбө болгон адам алар кыздын жашы жете электигин билишкенин ырастаган.
«Х.Ж. өспүрүмдүн телефонун тартып алган. Аны сабап, баңгизат берип, сойкулукка мажбурлашкан. Мындай жийиркеничтүү окуялар Кулиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон. Эки аял тең өздөрүнүн сойкулукка аралашканын моюнга алышкан», — деп билдирди жактоочу.
Ал эми өспүрүм көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан секирүүгө аракет кылганда гана кошуналар байкап, батирдин кожойкесин чакырышкан. Ал келген учурда кыз батирден качып чыгып, кошуналардын эшигин каккылап жардам сураган. Ошол жердин жашоочуларынын чакыруусу менен милиция келген.