Бишкекте 2026-жылы канча чакырым жол курулат жана оңдолот?

Быйыл Бишкек шаарында болжол менен 120 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 100 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ал эми 20 чакырымы жаңы салынат.

Мэр белгилегендей, акыркы жылдары жол куруу иштери кыйла ылдамдап, мурда жылына 20 чакырым гана жол салынса, 2024-жылы 62 чакырымга, ал эми 2025-жылы 92 чакырымга чейин жеткен.

Мындан тышкары, шаарда көпүрөлөрдү куруу жана чыгыш, батыш жана түндүк транспорттук айланма жолдорун куруу иштери да жүрүп жатат.

20 Апрель 2026 жыл 9:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча