Бишкекте 22 жаштагы жигит энесин өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш ишин козгогон.
Айрым маалыматтарга караганда, окуя Бишкектеги Манас менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде болгон. Коңшулар үйдөн чыккан жытты сезип, милиция чакыртышкан. Милиция жуунучу бөлмөдөн бычакталган аялдын жансыз денесин тапкан. Ошол учурда 22 жаштагы уулу анын бутун кайнатып жатканы да айтылды.
«Уулу кылмышты жашыруу үчүн жансыз денени бөлүктөргө бөлүп алып чыкмак. Жансыз дене жуунучу бөлмөдө 10 күндөй жаткан. Шектүү психикалык жактан жабыркашы мүмкүн»,- деп айтылат маалыматта.
Биринчи Май райондук милициядан аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгонун, шектүү катары аялдын 22 жаштагы уулу кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынганын билдирди. Тергөө уланууда.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.