Бишкекте абанын булгануусу ченемден 2,25 эсеге чейин ашты

Бишкекте абанын булгануусу ченемден 2,25 эсеге чейин ашты. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-февралдан 19-февралга чейин Бишкек шаарынын абасындагы негизги булгоочу заттардын орточо суткалык концентрациясы текшерилип, булгоочу заттардын көлөмү белгиленген чектүү деңгээлден 2,25 эсеге чейин ашкандыгы аныкталды.

20 Февраль 2026 жыл 14:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча