Бүгүн, 11-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан 3 кабаттуу жеке менчик бала бакчадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 3 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 10:55те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери улантылууда.