Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди

Бишкектеги № 2 клиникалык төрөт үйүндө операция жолу менен үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 36 жаштагы борбор калаанын тургуну оор абалда кош бойлуулуктун 31 жумасында ооруканага түшкөн.

Дарыгерлер тарабынан тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлгөндөн кийин, 30-апрель күнү 32 жумалык мөөнөттө үч эм жарык дүйнөгө келген.

Ымыркайлардын бири — эркек бала, экөө — кыз. Алардын салмагы 1730, 1590 жана 1460 граммды түзгөн.

15 Май 2026 жыл 15:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча