
Бишкектин Калинин көчөсүндө имараттар сүрдүрүлүп жатат. Маалым болгондой аталган жерде жолду кеңейтүүгө даярдык көрүү иштери жүрүүдө.
Мэриянын маалыматына караганда, жол 4 тилкеге чейин кеңейтилет. Бирок келечекте 22,5 метрге (алты тилкеге) чейин кеңейтүү пландалууда.
Бул долбоорду ишке ашыруу шаарды өнүктүрүүнүн негизги милдеттерин чечүүгө багытталган: транспорттук коммуникациялардын ыңгайлуулугун жогорулатуу, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, инженердик коммуникацияларды модернизациялоо жана экологиялык абалды жакшыртуу. Заманбап стандарттарга ылайык суу менен камсыздоо, электр жана канализация системаларын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда.