
Укук коргоо органдарынын профилактикалык иштерине жана эскертүүлөрүнө карабастан өспүрүмдөр мас абалында рулга отурган учурлар катталып жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Укук коргоо органдары айдоочулук күбөлүгү жок адамдын транспорт каражатын башкарышы, ошондой эле мас абалында унаа айдаганы үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Жашы жете электерге карата алардын мыйзамдуу өкүлдөрү да жоопкерчилик тартышат.
Милиция кызматкерлери ата-энелерди сак болууга чакырат.