Бишкекте №135 каттамдагы коомдук транспортто телефон уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ж.И. аттуу жаран «Ош» базарынын аймагынан №135 автобуска түшүп, Лаванов көчөсүнө жеткенде iPhone 16 Pro үлгүсүндөгү уюлдук телефону жоголгонун байкаган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен кылмыш иши козголгон.»Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон, чөнтөкчү катары каттоодо турган А.А. аттуу жаран кармалды. Ал Ленин райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды», – деп айтылат маалыматта.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү уюлдук телефонду «Ош» базарынын аймагында сатып жибергени аныкталган. Ошондой эле телефондор сатылган жерде 60тан ашык уурдалган уюлдук аппарат табылган.