Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш шаймандарынын кулап түшүшү тууралуу келип түшкөн видео кайрылуунун негизинде курулуш объектисине карата пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Д.Садырбаев көчөсү 174-176 даректеринде жайгашкан 15 кабаттуу турак үйдүн курулушунун айрым жерлеринде коргоочу конструкциялары жок болуп, жарандар үчүн коркунуч жаратып жаткандыгы аныкталды.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Алип Строй» ЖЧКсына карата 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, аныкталган кемчиликтер толук жоюлмайынча курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Урматтуу жарандар, курулуш объектисиндеги мыйзам бузууларга күбө болгон учурда (фото, видео) материалыңызды департаменттин WhatsApp номерине жөнөтүңүз: 0221 328 256