Бишкекте курулуш компаниясына 200 миң сом айыпка жыгылды

Бишкекте курулуш объектисинде коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн «Кыргыз курулуш долбоор» курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик текшерүүгө 22-октябрда социалдык тармактарга тараган видео себеп болгонун кабарлады.Кадрдан Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулушта коопсуздук эрежелери бузулуп жатканын көрүүгө болот.

Ал эми, 4-разряддагы мунара кранынын машинисти М. А. К. карата өзүнчө чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле ал кран башкаруудагы уруксат кагаздарынын шайкештиги боюнча аттестациядан өткөрүлөт.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги курулуш уюмдарын КР «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын, ошондой эле курулуштагы коопсуздук техникалык талаптарын толук сактоо зарылдыгын эскертет.

23 Октябрь 2025 жыл 15:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча