Бишкекте мурунку күйөөсү аялын атып өлтүрдү

Бишкекте мурдагы милиция кызматкери киши өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул маалыматты Свердлов райондук милициясынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 23-декабрында болжол менен саат 21:00дө Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде мурдагы күйөөсү аялын атып салганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Свердлов РИИБдин тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барган. Ал жерде ажырашуу процессинен кийин мурдагы жубайлар — 1978-жылы туулган У.Ж. жана 1977-жылы туулган У.Б. ортосунда кайым айтышуу орун алганы аныкталган. Натыйжада, У.Б. өзүнө катталган «МР-79» үлгүсүндөгү травматикалык тапанчадан мурдагы жубайы У.Ж.ны атып жиберген. Аял алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза тапкан.

Бул факт боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе, аталган кылмышты жасоого шектелип 1977-жылы туулган У.Б. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

Белгилүү болгондой, шектүү мурдагы укук коргоо кызматкери, ал 2019-жылы пенсияга чыккан.

24 Декабрь 2025 жыл 8:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча