Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган 43 жаштагы киши куткарылды 

Куткаруучулар  өз өмүрүн кыюуга  аракет кылып жаткан 43 жаштагы жаранды аман алып калышты.

Тактай кетсек, кечээ, 27-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь  районунда 1982-жылы туулган эркек киши бактын үстүнө чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.   

Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, ыкчам аракеттердин натыйжасында, куткаруу шаймандарынын жардамы менен бактан түшүрүшкөн.

28 Май 2025 жыл 13:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча