
Бишкекте кечээ, 11-июнда өткөн эл аралык кинофестивалдын ачылыш аземине блогердин ачык кийинип келгени үчүн иш-чаранын уюштуруучуларына сөгүш берилди. Бул тууралуу маалымат 12-июнда Кинематография департаментинин социалдык тармактагы баракчасына чыкты.
Анда Кинематография департаментинин директорунун орун басарына эскертүү, кинофестивалдын директоруна, уюштуруучуларга жана кызматкерлерге сөгүш берилгени жазылган.
“Кинематография департаменти маданиятка каршы багытталган аракеттерди колдобойт жана кабылдабагандыгын билдирет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Zhanxo деген каймана ат менен белгилүү блогер Жанара Алиеванын кинофестивалдын ачылышына ачык кийинип келгени социалдык тармактарда да кызуу талкууга түшкөн.