Быйыл балдар 1-класска гана кабыл алынат

Быйыл Кыргызстанда мектеп босогосун аттай турган балдар 1-класска гана кабыл алынат. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова 27-мартта маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, былтыр билим берүү системасын трансформациялоого байланыштуу балдар төрөлгөн жылына карап 1-2-класска кабыл алынган.

«12 жылдык окуу системасына өтүп жатканыбызга байланыштуу бир жолу гана балдарды дароо 1-2-класска кабыл алдык. Быйыл андай муктаждык жок. Мындан ары мурдагыдай эле балдарды 1-класска эле кабыл алабыз», — деди министрдин орун басары.

Агартуу министрлиги 25-мартта бекиткен жобого ылайык, быйылкы окуу жылында 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин, 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин туулган балдар кабыл алынат.

Сегиз жаштан улуу, ошондой эле өздүгүн тастыктаган документи же ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) жок балдар мектепке Балдар маселеси боюнча комиссиянын чечими менен кабыл алынат.

Баланы 1-класска мектепке кабыл алуу анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын негизинде «Электрондук жазуу» кызматы же 1mektep.edu.gov.kg платформасы, ошондой эле “Түндүк” жана башка мобилдик тиркемелер аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында, эки баскычта жүргүзүлөт.

-биринчи баскычта балдар мектепке туруктуу катталган жери боюнча алынат.
— экинчи баскычта жашаган аймакта бош орун бар мектептерге кабыл алынат.

Биринчи баскыч 1-апрелде башталат. Экинчи баскыч 1-июндан тартып жүрөт.

Бала 1-класска кабыл алынган кезде мектеп анын билимин текшерүүгө укугу жок. Баланын билимин аныктоочу тест, сынак, аңгемелешүү ж.б. жүргүзүүгө тыюу салынат.

Ата-энерер mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлттүккө учурап каларын айтып арызданып келишет.

Былтыр 12 жылдык билим берүү сисетамасына байланыштуу айрым балдар туулган жылына карап дароо эле 2-класска отурган.

Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт. 

27 Март 2026 жыл 15:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча