Чүйдө синтетикалык баңгизат жашырууга шектелген эки өспүрүм кармалды

Аламүдүн районунда ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды мыйзамсыз түрдө жашырууга аракет кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

“Арсенал” аталышындагы рейддик иш-чаранын алкагында, Арашан айылында М.Б. (2007-жылы туулган) жана Б.Н. (2009-жылы туулган) аттуу жарандар кармалган. Жеке кароо жүргүзүү учурунда алардын жанынан сары резина капсулаларга салынган 20 даана зат табылып, далил катары алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бул капсулалардын ичиндеги заттардын курамында психотроптук зат катары белгилүү болгон 4-СМС (4-хлорометкатинон, же клефедрон) бар экени аныкталган. Жалпы салмагы 18,9693 граммды түзгөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, райондук соттун чечими менен камакка алуу бөгөт чарасы колдонулган.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

11 Сентябрь 2025 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча