Чүйдө жубайын сабаган жаран кармалды

Чүй облусунда үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды.

Облустук милициядан билдиришкендей, 7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган жаран А.З. арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, ошол эле күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Ивановка айылындагы үйүндө жолдошу А.Э. менен болгон чыр учурунда денесине залал келтирилген.

Факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында жабык түрдөгү төртүнчү кабырга сыныгы, жумшак ткандардын көп сандаган көгөрүүлөрү жана сыйрылуулары аныкталган.

Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголду.

1993-жылы туулган шектүү А.Э. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аялдарга жана жашы жете электерге карата зомбулуктун бардык түрлөрү мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

9 Январь 2026 жыл 10:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча