2025-жылдын 3-июлунда Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево жолу менен үч эм жарык дүйнөгө келди. 22 жаштагы шаар тургуну кош бойлуулуктун 33-жумасында, эрте төрөт коркунучу менен ооруканага түшкөн. Бул анын экинчи төрөтү.
Үчөө тең кыздар. Алардын салмагы — 2370 гр., 2080 гр., 2100 гр.
Бүгүнкү күнгө карата эненин жана ымыркайлардын абалы туруктуу. Аларга маска аркылуу СРАР ыкмасы менен респиратордук колдоо көрсөтүлүүдө. Ошондой эле интенсивдүү терапияга алынып, энтералдык азыктанууда.