Чехияда пенсионер өзүн акыркы сапарга узатуу зыйнатында тирилди

Чехияда 88 жаштагы кемпир өзүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына чейин «ойгонду». Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

 Маалым болгондой, Чехиянын Пельсен шаарында 88 жаштагы кемпир эс-учун жоготкон. Күйөөсү аялын өзүнө келтире албай, тез жардам кызматына телефон чалган, алар келгенден кийин пенсионердин каза болгонун тастыкташкан. Алар аялды акыркы сапарга узатуу аземине даярдай башташты, бирок сөөк коюу зыйнатында иштегендер чехиялык аял дагы эле дем алып жатканын аныкташкан. 
Аял өзүнө келгенден кийин ооруканага жеткирилген. Окуядан кийин жергиликтүү полиция аялдын «тирүү кезинде табытка кантип кирип алганын» иликтей баштаган жана өлүмдүн диагнозун койгон соттук териштирүүчү (өзгөчө жагдайлардагы же күтүлбөгөн жерден болгон өлүмдөрдү атайын иликтегендер) ага керектүү жардамды көрсөтпөгөн деп шектелүүдө. 

«Тирилген» аялдын абалы оор деп бааланууда. Анын жүрөгүнүн олуттуу көйгөйлөрү бар. Ал буга чейин бир нече инфаркттарды башынан өткөргөн.

4 Июнь 2025 жыл 12:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча