Дүйнө чемпионаты (U-20): Бүгүн 5 балбан кыз килемге чыгат. Алар кимдер?

Бүгүн Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 10 салмактык категория боюнча жалпы 186 балбан кыз күч сынашат.

Кыргызстандын атынан кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы 5 салмактык категорияда катышат. Алар:

  • Дилназ Абдыкадырова — 50 кг;
  • Асема Анаркулова — 65 кг;
  • Гүлнура Таштанбекова — 68 кг;
  • Кайыркүл Шаршенбаева — 72 кг;
  • Айжаркын Жаныбекова — 76 кг.

U-20 кыздар күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Билимбек Капарбек уулу

19 Август 2025 жыл 10:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча