Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Маалыматты БШКдан ырастап, анын арызы жакын арада караларын билдирди.
Айтиев өзү мандат тапшырууга эмне себеп болгонун ачыктай элек.
Темирлан Айтиев былтыр ноябрда №20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ага шайлоочулардын 9021и добуш берип, округдагы эң көп добуш алган талапкер болгон.
Белгилей кетсек, 27 жаштагы Темирлан Айтиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда төрөлгөн.