Депутат энергетикалык суусундуктарды жарнамалагандарга айып салууну сунуштады  

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев даярдап, документ коомдук талкууга чыгарылды. 

Депутаттын пикири боюнча, акыркы жылдары энергетикалык суусундарды ичкен жаштар көбөйүп, көп адамдар ал организмге терс таасир тийгизе турганын түшүнө беришпейт. 

Аталган суусунга шекер менен кофеин өтө көп кошулат. Бул суусундун айрымдарында 100 мг чейин кофеин бар. Ал кадимки кофеникинен (12 мг) 8 эсе көп. Ошондой эле бир банка суусунда 27 кашык шекер болот. Аны күн сайын ичкен адамдын канында канттын деңгээли көбөйүп, кант диабети жана башка ооруларга алып келиши ыктымал. Андан тышкары жүрөк-кан тамыр системасынын иши бузулуп, убакыттын өтүшү менен жүрөктүн чоңоюп кетүү коркунучу бар. 

Ал эми жарнамаларда энергетикалык суусундуктар жакшы жагынан — аны ичкен киши өзүн жакшы сезет, жашоодо ийгиликтерге жетишет дегендей көрсөтүлөт. 

Мындан улам депутат энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салууну, аны жарнамалаган жарандарга 15 миң сом жана юридикалык жактарга 35 миң сом айып салууну сунуштоодо.

26 Май 2025 жыл 13:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча