
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдү үч айга чейин камакка алууну сунуштады.
Эл өкүлдөрү Юстиция министрлигинин Кылмыш-жаза кодексине жана «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоодо. Документте үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген адамдарды камакка алуу мөөнөтүн 7 күндөн 14 күнгө чейин узартуу сунушталууда.
Депутат Гуля Кожокулова камак мөөнөтүн узартуу керек деп эсептейт.
«Жок дегенде бир ай, үч айга чейин реалдуу шарттарды берели. 15 күндөн кийин ызы-чуу, зордуктаган адам эс алууга да үлгүрбөй калат. Ошондо чаралардын тарбиялык мааниси болот. Адам өзүнө келиши керек, бирок эки жумада келбейт. Бул маселенин чечилиши эмес. Коргоо ордерлери жөн эле кагаз», — деди ал.
Юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу бул сунушту экинчи окууда кароого болот деп жооп берди.