Борборубуз Бишкекте Кыргызстандагы аялдар кыймылынын түзүлгөндүгүнүн жүз
жылдыгына арналган «Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги — 100 жыл» жалпы улуттук
медиакампаниясынын жыйынтыктарынын презентациясы болуп өттү.
Кампаниянын негизги максаты — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатында турган, бирок окуялары узак убакыт көмүскөдө калган чыгаан айымдардын ысымдарын жана тагдырларын коомдук жана тарыхый эс тутумга кайра кайтаруу болду.
Жыл ичинде долбоордун командасы ар кайсы доорлордогу аялдардын 126 тарыхын топтоп, документтештирип жана которду, үй-бүлөлүк архивдерди санариптештирди.
Ошондой эле ар бир тарых кеңири коомчулукка жеткиликтүү болушу үчүн атайын сайт иштелип чыгып, ишке берилди. Материалдар социалдык тармактарда жана өнөктөш ЖМКларда үзгүлтүксүз жарыяланып турду.
Иш-чаранын алкагында катышуучуларга кампаниянын жыйынтыктары жана
«Кыргызстандын 100 көрүнүктүү айымы» сайты тааныштырылды.
“2025-жыл – бул жөн гана юбилей эмес. Бул Кыргызстанда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы менен бирге башталган Аялдар кыймылынын 100 жылдыгы. 1925-жылы эле аялдардын укуктарын коргоонун негиздери – мажбурлап никеге турууга тыюу салуудан баштап, билим алууга жана саламаттыкты сактоого жеткиликтүүлүккө чейин түзүлгөн.
Өлкөнүн тарыхы көп убакыт бою негизинен эркектердин ысымдары менен айтылып келген. Бул медиа-кампания мамлекетти курууга, социалдык чөйрөнү, билим
берүүнү, маданиятты жана эмгекти өнүктүрүүгө катышкан, бирок «кадрдын сыртында»калган аялдардын чыныгы тарыхын коомдук эске кайтарат.
Аялдардын лидерлигин колдоо – бул тарыхка болгон таазим эмес, Кыргыз
Республикасынын Президентинин №62 Жарлыгы жана 2030-жылга чейинки Аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программа менен бекитилген аң-сезимдүү мамлекеттик саясат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аялдардын лидерлигин туруктуу өнүгүүнүн жана социалдык адилеттүүлүктүн ачкычы катары карайт” , деп белгиледи өз сөзүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева.
Программада мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, ЖК жаңы чакырылышынын аял депутаттарынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен расмий ачылыш, аялдар кыймылынын тарыхы боюнча Kahoot! форматындагы интерактивдүү викторина, ошондой эле долбоордун уюштуруучулары, изилдөөчүлөрү жана каармандары менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү орун алды.
Уюштуруучулар белгилешкендей, тарыхтарды чогултуу боюнча иш изилдөө милдети гана эмес, ошондой эле маанилүү коомдук кадам болуп калды — аялдардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы көрүнүктүү, таанылган жана кийинки муундарга өткөрүлүп берилиши үчүн.