Дубайда сойкулукка тартылган 14 жаштагы кыз. Милиция маалымат берди

Ысык-Көл облустук милициясы Дубайда сойкулукка мажбурланган делген 14 жаштагы кыз тууралуу маалыматты тастыктады.

Маалыматка ылайык, бул иш былтыр октябрь айында белгилүү болгон. Тергөөдө Балыкчы шаарынын тургуну, 14 жаштагы кыз 2024-жылдын август айында өзүнүн 23 жаштагы аталаш тууган эжеси менен Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына барганы аныкталган. Ал жакта өспүрүмгө эжесинин шарт түзүүсү менен Б.М.аттуу жаран тарабынан бир нече жолу ыплас аракеттер жасалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) 2-бөлүгү (Балдарды пайдалануу менен жасалган кылмыш) менен кылмыш иши козголгон. 23 жаштагы кыз суракка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле анын аракеттеринде кылмыштын уланма мүнөзү бар экени аныкталган.

Мындан тышкары, Б.М. аттуу жаран тарабынан кылмышты жашыруу максатында жабырлануучуга телефон, ноутбук жана зер буюмдар белекке берилгени такталган. Ал жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши Ысык-Көл облустук прокуратурасына жиберилген. Прокуратура тарабынан айыптоо актысы бекитилип, иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Жогорку Кенештин кечээ, 22-апрелдеги жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева ага Дубайда каза болгон 13 жаштагы кыздын апасы кайрылганын билдирген. Анын айтымында, анын кызын Дубайда мыйзамга каршы аракеттерге тартылып, кийин ал каза болгон экен.

Ал укук коргоо органдарынан бул жагдайды көзөмөлгө алып, ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүп, болгон окуянын бардык жагдайларын аныктап, тиешеси бар адамдардын аракеттерине укуктук баа берүүнү суранган.

23 Апрель 2026 жыл 10:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча