Экология министри Бишкекте жана Чүйдө аба тазарып жатканын айтты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медербек Машиев соңку эки жылда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абанын сапаты жакшырып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 2-февралда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында маалымат берди. Мындай тыянакты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргызгидромет ишканасынын изилдөөсүнүн негизинде чыгарганын түшүндүрдү.

Машиев Бишкектеги абанын булганышынын эң негизги себеби турак үйлөрдө көмүрдүн жагылышы экенин, бул жалпы көйгөйдүн 40% түзөрүн тактады.

“Эски унаалардан чыккан газдар экинчи орунда турган булак жана ал 30% ээлейт. Андан кийин жылуулук электр борборунун 15% үлүшү бар. Төртүнчү негизги булак – шамал менен келген жана шаардын ичиндеги чаң 13,5%. Ал эми калган 1,5% өнөржай ишканалары түзөт”, — деди Машиев.

2 Февраль 2026 жыл 12:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча