Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элмурза Сатыбалдиев 1-майда Өзгөн шаарындагы борбордук стадиондо майрамга карата уюштурулган иш-чарада тамеки чеккени үчүн 3000 сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Элмурза Сатыбалдиев 2007-2009-жылдары башкы прокурор болгон. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына өткөн шайлоодо №12 Өзгөн шайлоо округунан катышып, депутат болуп шайланган.
Эске салсак ушул жылдын март айында Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрынын имаратынын алдында тамеки чеккени үчүн ички иштер министри Улан Ниязбеков да айыпка жыгылган болчу.