Элибиз кыйналды. Депутат Таласта кар калың түшүп, айрым тургундар жардамга муктаж болуп жатканын айтты

“Талас облусунун Бакай-Ата жана Манас райондоруна калың кар түшүп, айрым тургундар жардамга муктаж болууда”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков бүгүнкү парламенттин жыйынында айтты.

«Бир жума мурун Талас облусуна, айрыкча Манас району менен Айтматов районуна калың кар жаады. Кээ бир жерлерге 1 метрге жеткен кар түшүп, элибиз бир аз кыйналып калды. Министрлер кабинетинен элге көмүр боюнча жардам берүүнү суранат элем», — деди Жумабеков.

Мындан сырткары эл өкүлү Дастанбек Жумабеков жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жазгы талаа иштеринде да көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

18 Февраль 2026 жыл 11:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча