Министрлер кабинетинин жыйынында эттин баасына көзөмөл киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги кабарлады.
«Көзөмөлдүн максаты эттин баасынын өсүшүнө жол бербөө, малдын чек арадан кирип-чыгышын контролдоо, малды экспорттоого сандык чектөө киргизүү болуп саналат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында өткөн жыйында эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жана талдоо жүргүзүп туруу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жүктөлдү. Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына мал ташуучу жеке ишкерлерге ветеринардык-санитардык көзөмөлдү күчөтүү, Чек ара кызматы менен биргелекте аткезчиликке каршы күрөшүү жаатында тапшырмалар коюлду»,-деп жазылган маалыматта.