Бүгүн Жогорку Кеңеш «Кыргызстанда мамлекеттик пенсиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу 2024-жылы президенттин бийик тоолуу аймактарда балдардын төрөлүшү үчүн бир жолку төлөм жөнүндө жарлыгы чыкканын эске салды.
Анын айтымында, 2026-жылдан тарта «балага береке» жөлөк пулун уюштуруу сунушталууда, анда төмөнкүдөй төлөм каралууда:
«Бул каражаттар бала 1 жашка толгондон кийин, башкача айткан, 2027-жылдын 1-январынан тартып төлөнө баштайт. «Балага береке» жөлөкпулунун биринчи төлөмүнө 6 млрд 615 млн сом каралган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылы бийик тоолуу аймактарда жана жетүүгө кыйын болгон зоналарда 4төн 10го чейин бала төрөлгөн — бул 10 миң 900 баланы түзөт», — деди ал.