Эрлан Шеров дзюдо боюнча Европа кубогунун коло байгесинин ээси болду. Бул туралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Испаниянын Малага шаарында өткөн Европа рейтингдик кубогунда 300дөн ашуун мыкты спортчу күч сынашты.
Кыргызстандын намысын Эрлан Шеров (90 кг чейин) жана Эрбол Абасбеков (66 кг чейин) коргоду.
Эрлан Шеров бир нече кармаш өткөрүп, коло медаль жеңди.