Эттин баасы көзөмөлдө. Бишкектеги базарларда рейд жүрдү

Бишкектеги базарларда эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө максатында рейд өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда эт сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда бааларды негизсиз көтөрбөө жана калкты сапаттуу, арзан эт менен камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, Ленин районунун аймагында этти социалдык баада саткан соода түйүндөрүнүн иши талдоого алынды.

Ал эми “Кыргыз Агрохолдинг” ААК тарабынан этти жеңилдетилген баада сатуу үчүн бөлүнгөн жер тилкелери жана көчмө соода түйүндөрүн жайгаштыруу үчүн сунушталган даректер жеринен каралды.

17 Апрель 2026 жыл 11:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча