Эверестте калган 800дөн ашуун турист аман-эсен түшүрүлдү

Кытайдын Тибет автоном районундагы Эверест тоосунан 580 турист жана 300дөн ашуун жол көрсөтүүчүлөр менен топозчулар катуу бороондон кийин аман-эсен түшүрүлдү. Бул тууралуу ТАСС билдирди. 

Маалыматта белгиленгендей, алардын бардыгы Динжи уездиндеги Цюйдан айылынын аймагына жеткирилген. 6-октябрь күнү дагы 350 турист түшүрүлгөн. 

Белгилей кетсек, 4-октябрда башталган катуу жааган кар менен бороон деңиз деңгээлинен 4 900 метр бийиктиктеги туристтик лагерди каптап калган. Натыйжада миңдей адам тоо башындагы убактылуу лагерлерден чыга албай калган.

9 Октябрь 2025 жыл 9:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча