Фучик көчөсүндөгү жайма базарына рейд өткөрүлдү

Ушул жылдын 2-майында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын негизинде Ленин районундагы Фучик көчөсүндө жайгашкан жайма базарда рейд өткөрүлдү.

Иш-чарага Ленин районунун башчысы Тариел Айтиев, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана Муниципалдык инспекциянын өкүлдөрү катышты.

Рейддин жүрүшүндө соодагерлер кайрадан каттоодон өткөрүлүп, «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишимдери, ошондой эле пенсиялык күбөлүктөрү текшерилди.

Мындан тышкары, соодагерлерге тротуарларды тосуп албоо, көрктөндүрүү эрежелерин сактоо жана тыюу салынган товарларды сатпоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аймагы тазаланды.

Мындай рейддик иш-чаралар коомдук тартипти камсыз кылуу, санитардык абалды жакшыртуу жана мыйзамсыз сооданын алдын алуу максатында туруктуу негизде өткөрүлүп турат.

3 Май 2026 жыл 12:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча